Маянадан “шабашка” жасаган дарыгерлер (видео)

1636

Үй-бүлөлүк медицина борборунун айрым дарыгерлери туруктуу схема түзүү жолу менен бейтаптардын эсебинен акча жасап турушкан. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Айтымында, алар бейтаптардын баштапкы оорусун аныктабай туруп, курч мүнөздөгү илдеттин бирин диагноз катары коюп дарыланууга жөнөтө беришкен. Ошону менен бир эле бейтап бир нече медициналык мекемеден текшерүүдөн өтүүгө мажбур болгон. Андыктан учурда индикатордук система менен маяна төлөө системасын жоюп, эмгек акынын базалык бөлүгүн жогорулатуу аракеттери көрүлүп жатыптыр.