Медицинадагы реформа. Кезек Токтайым Умөталиевага жетти (видео)

2968

Саламаттыкты сактоо министрлиги эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева менен соттошууга белсенүүдө. Өлкөнүн башкы дарыгери Алымкадыр Бейшеналиев бейөкмөтчү Бишкектеги №2 көп тармактуу оорукананын аймагындагы имаратты басып алып, компьютердик томография коюп алганын айтууда.

Аткаминер Токтайым Үмөталиева ижаралап жүргөн имарат бүгүнтөн тарта оорукананын карамагына өткөрүлүп, бейтаптарды кабыл ала турган жай катары иш алып барарын кошумчалады. Укук коргоочу болсо объектини бошотуу боюнча эч кандай билдирүү келе электигин, имаратты өткөрүп берүүгө шашылбарын айтты.