Мегаком кимге жана канчага сатылышы мүмкүн? (видео)

976

Мегаком компаниясын менчиктештирүү «Лигласстай» жаңжалга айланбашы үчүн ишкананы сатуу иштерине дыкат көңүл буруу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутаттар айтышууда. Мегаком ишканасы боюнча маалымат угуу үчүн эл өкүлдөрү Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилигин отурумга чакырышты. Эске салсак, «Альфа-Телекомдун» 100 пайыз акциясы түз сатыкка чыгарылып, конкурс 25-сентябрь күнү аяктаган. Аны сатып алууга Елена Нагорная аттуу россиялык ишкер кызыгуусун билдирип, Мамлекеттик мүлк фонду Мегакомду ошол айымга сатууга белсенүүдө. Нагорная тууралуу маалымат алуу үчүн Россиянын бир катар компетенттүү органдарына кайрылуу жөнөтүлгөн.