«Мегаком» компаниясын сатып алуу боюнча дагы бир компаниядан сунуш түштү

833

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты. Маалыматка караганда, швейцариялык «Альф Кансалтинг» компаниясынын жетекчиси Мария Германдже тарабынан «Альфа Телеком» жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 пайыз акциясын сатып алуу сунушу берилди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрүнүн айтымында, «Альфа Телеком» менчиктештирүүгө бериле турган объект болгондуктан, учурда фонд тарабынан баалоо кызматына тендер жарыяланды.

Эске салсак, буга чейин «АКА Инвест» деп аталган компания да «Мегаком» ишканасын сатып алуу ниетин билдирип, сунуш берген болчу. 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон уюлдук оператор алгач 2016-жылы аукционго 19 миллиард сомдук баа менен коюлуп, бирок кардар табылбай койгон. Андан бери 3 жолку сатыкта да өтпөй калып, наркы 13,5 миллиард сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Былтыр сентябрь айында компанияны Россиянын жараны сатып алууга ниетин билдирип, бирок ишкер койгон шарттар эрежелерге туура келбегендиктен макулдашуу болгон эмес.