“Мегаком” менчиктештириле турган объекттердин тизмесине киргизилген эмес

756

Аталган компания менчиктештириле турган объекттердин тизмесине киргизилген эмес. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Ренат Түлөбердиев билдирген. Анын айтымында, сатыла турган ишканалар боюнча программа өкмөт тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн.

Ал тизмеге “Мегаком” компаниясы кирбей калганынын себебин аткаминер түшүндүргөн эмес. Өкмөт бул уюлдук операторду өзүнүн карамагында калтырууну чечкен.

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу Мегакомду бир нече жолу аукционго алып чыккан. Бирок кызыкдар тарап табылган эмес. Андан кийин түз сатуу демилгеси көтөрүлүп, россиялык ишкер айымдан сунуш түшүп, бирок анын уюлдук оператор тармагында тажрыйбасы жок деген сын пикирлерден улам сүйлөшүүлөр токтогон.