Мегакомду сатып алууга дагы 2-3 компания кызыкдар (видео)

772

«Мегаком» ишканасын сатып алууга дагы 2-3 жеке компания кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди. Бирок аткаминээр инвесторлордун атын атоодон баш тартты. Ошол эле убакта, буга чейин «Альфа Телекомду» сатып алууга даяр экенин айткан, россиялык ишкер айым менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр. Ал арада, Мамлекеттик мүлктөрдү узартылган мөөнөт менен сатыкка чыгаруу демилгеси көтөрүлүүдө. Бирок мындай ыкма уюлдук операторду менчиктештирүүдө колдонулбайт, дейт Казаков.