«Мегакомду» сатып алууга орусиялык жарандан арыз түштү

973

Мамлекеттик мүлк фондунан «Азаттык» радиосуна маалымдашкандай, «Альфа Телеком” («Мегаком») ишканасын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирип, орусиялык жаран Елена Нагорная кайрылган. Маалыматка ылайык, ал ишкананын 100% акциясын сатып алууга кызыкдар.

Жогорку Кеңештин депутаттарынан, министрликтин жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия Нагорнаянын арызын карап, анын сунушуна макулдук берүүнү туура тапты деп маалымдайт Мамлекеттик мүлк фонду. Мекеме сүйлөшүү процесси башталганын да маалымдады.

«Альфа Телеком» («Мегаком») ишканасын жеке менчикке сатуу тууралуу чечим Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 22-августта токтом кабыл алынып, өкмөт «Альфа Телеком» компаниясын тикелей сатыкка чыгарган. Уюлдук компаниянын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталган. Буга кошумча сатып алууну каалаган потенциалдуу инвестор 7 пайыздык комиссиялык төлөм төлөшү керек. Андан тышкары бул компанияга байланыштуу өкмөткө же мамлекеттик органдарга соттук даттануулар болсо, бул маселелерди чечүү милдетин алары айтылган. Арыздар 25-сентябрга чейин кабыл алынмак.

21-августта «Альфа Телекомдун» түзүүчүлөрү катары өзүн тааныштырган Penwell аттуу компания маалымат таратып, Стокгольмдогу Арбитражга кыргыз өкмөтүнөн 200 миллион доллар кенемте өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылганын жарыялаган.

Буга чейин Penwell компаниясы «Мегакомдун» 51 пайыздык үлүшүнө дооматы бар экенин жарыялап, бул үчүн соттук териштирүүгө чейин бара турганын эскерткен болчу.

«Альфа Телеком» жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Ага мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адамдар ээлик кылары айтылып келген.

2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн эле.

Кыргыз өкмөтү «Альфа Телекомду» 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери компания үч ирет аукционго коюлуп, кызыккан инвестор болбогонунан улам аны түз сатуу сунушталган болчу.