“Мегакомго” жаңы кардар изделип жатат

812

Кыргыз өкмөтү “Альфа телеком” компаниясын сатыш үчүн жаңы кардар издеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда уюк компаниясына кызыккандар болгону менен конкреттүү сунуш жок.

“Бүгүн мыйзам чегинде компаниянын баасын түшүргөнгө жолдор бар. Ал үчүн компаниянын баасын аныктоочу комиссияны чакырып, экономикалык жактан карасак болот. Бирок кызыгып, алабыз деген сунуш менен келген кардар чыга элек”, — деди Зилалиев.

Маммүлк фондунун төрагасы уюк байланыш ишканасын сатуу боюнча консалтингдик компаниялардын кызматынан пайдалануу планы бар экенин кошумчалады.

Буга чейин “Альфа Телеком» ишканасын орусиялык ишкер Елена Нагорная сатып алары айтылган. Бирок тараптар сатык шарттары боюнча бир пикирге келе албай, кыргыз өкмөтү Нагорная менен сүйлөшүүнү токтоткон.

«Мегаком» деген соода маркасы менен белгилүү «Альфа Телеком» уюк байланыш компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууга Елена Нагорная аттуу орус жараны арыз бергени быйыл сентябрда маалым болгон. Ал ортодо Интернетте Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенери ачыкка чыгып, кыргыз коомчулугунда анын инвестиция саларынан шек саноо, байланыш тармагында тажрыйбасы жок ишкер «Мегакомду» кантип иштете алат деген түкшүмөл ойлор жаралган.