Министр Бейшеналиев дарыгерлерге мыйзамсыз үй куруп жатабы? (видео)

3329

Бишкекте дарыгерлер үчүн салынып жаткан көп кабаттуу турак жайдын курулушу башталбай жатып, токтоп калды. Буга имараттын долбоорунун жоктугу себеп болууда. Ага карабастан жумушчулар материалдарды сактай турган бастырманы салып жатышат.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев болсо имараттын мурдагы ээси болгон түркиялык компания менен сүйлөшүп, долбоорун сатып алганын айтууда. Ал ортодо Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду көп кабаттуу үй өкмөттүн токтому жок эле курулуп жатканын айтып чыкты.