Министр Бейшеналиевдин отставкасы талап кылынууда (видео)

1789

Бишкек шаарындагы № кургак учукка каршы балдар ооруканасы жоюлуп, ордуна бала бакча ачылат. Маалыматтар боюнча, анда медицина кызматкерлеринин балдары тарбияланат. Мындай чечим ооруканаларды кайра уюштуруунун алкагында кабыл алынды, — дейт саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Айтымында, акыркы жылы балдар арасында кургак учукка кабылгандардын саны аз болгон. Бирок бейтапкананы балдар бакчасына айландыруу демилгесине Улуттук фтизиатрия борборунун айрым дарыгерлери каршы болууда. Ак халатчандар кургак учуктун таякчалары имаратта калат деп чочулашууда. Бул өз кезегинде мындай кооптуу илдеттин жайылып кетишине жол ачышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.