Министр К. Чолпонбаев жолтандабастан баш тартабы? (видео)

1051

Саламаттыкты сактоо министри менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы жаңы кымбат автоунаалардан баш тартабы? Космосбек Чолпонбаев гранттык акчанын эсебинен кымбат баалуу кызматтык машина алуу чечими мурдагы министрге таандык экенин айтып актанууда. Талантбек Батыралиев болсо, бул маалыматты четке кагып, саламаттык сактоо министри Чолпонбаевдин айткандарын уятсыздык, деп атады.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин айрым депутаттары медицина тармагында каражат тартыш болуп жатканда, кымбат жолтандабас алган жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылышууда.