Министр «Кыргыз Туусун» сотко берет (видео)

797

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөттүк «Кыргыз Туусу» гезитин сотко берди. Бул маалыматты эки тараптын өкүлдөрү бирдей тастыктады. Жетекчинин мындай кадамга баруусуна гезиттин өткөн жылдын 1-декабрындагы санында 24 дарыгердин өлкө жетекчилерине кайрылуусу жарыяланганы себеп болуптур. Гезиттин жетекчилиги муну түшүнбөстүк катары түшүндүрсө, сотко кайрылган министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн биринчи ирет сотко кайрылганын жана буга анын аброюуна шек келгени себеп болгонун айтат.