Министр өкмөт жетекчисинен эмнеге тил укту? (видео)

1976

Саламаттыкты сактоо министрлиги болушу мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна даяр эмеспи? Премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен мекеменин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш берди.
Алар жыйынындын жүрүшүндө тез жардам унааларын жана 7 областка 7 томография аппаратын сатып алууда тендерлердин өткөрүлүшү тууралуу так маалымат бере албай коюшкан. Бирок кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлигинин сөгүш уккан жетекчилери алар эмнеден улам өкмөт башчы аларга сөгүш жарыялаганын түшүнбөй калганын айтышууда.