Министр Талантбек Батыралиевге кимдер нааразы? (видео)

1057

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңеши өлкөнүн башкы дарыгери Талантбек Батыралиевдин кызматтан кетишин талап кылууда. Анткени медицина тармагы чаржайыт болуп кетти дешет. Коомдук кеңештин мүчөлөрү кургак учукка каршы колдонулган ФС-1 препаратын мыйзамсыз колдонгон оорукананын жетекчилигине карата чара көрүлгөн жок деп нааразы. Ошондой эле, чет элдик донорлор тарабынан бөлүнгөн каражаттар толук кандуу ишке ашырылбай жатканын айтышты. Мындан тышкары алар Талантбек Батыралиевдин жүргүзүп жаткан кадр саясатын жактырышпайт экен. Министр өзү мындай дооматтар менен макул эмес. Аткаминердин айтымында, жүргүзүлүп жаткан реформалар айрым бир тарап киреше булагын бууп жатканы нааразычылык жаратууда.