Москвада тажик мигранты полициядан кишенчен качып кетти

747

“Азаттыктын” тажик кызматынын окурмандары Москвада эки полициячынын келтек менен тажик мигрантын урганы түшүрүлгөн видео жөнөтүшкөн.

Мигрант кашылык көрсөткөн эмес, тартип сакчылары аны жерге жаткырып, колуна кишен салууга аракет жасашкан. Полиция унаасынын жанында колу кишенделген дагы бир мигрант турган. Окуяга күбө болгон башка мигранттар бул учурду видего тартып алышкан.

Алар колу кишенделүү мекендешине эгер документтери жайында болсо, качып кетүүгө кеңеш беришкен. Көпчүлүктүн сөзүнө макул болгон киши тосмодон секирип, кишенчен качып кеткен.

Видеону редакцияга жиберген Мухаммед аттуу тажик мигранты окуя өткөн жумада Ярослав шоссесинде болгонун айтты.

“Ал жерге күн сайын 200дөй киши чогулат. Жумуш берүүчүлөр аларды убактылуу иш үчүн жалдап кетишет. Мурун ОМОН өкүлдөрү келип, мигранттарды сабап, мажбурлап иштетип, акчаларын тартып алып турушкан. Азыр муну полициячылар жасайт”, — деди Мухаммед.

Ал полиция кызматкерлеринен токмок жеген мигрант 40 жаштагы кулябдык киши экенин, бул жерге жумуш издеп келген айтты.

Орусиядагы тажикстандыктардын укугун коргогон “Этнос” уюмунун башчысы Каримжон Ёров Москвадагы Ярослав шоссеси “кара күчүн” сунуштаган мигранттардын жайына айланганын билдирди. Ёровдун пикиринде, качып кеткен мигрант кармалса, полиция кызматкерине баш ийбегендиги үчүн жазага тартылышы мүмкүн.