Япония өзгөчө кырдаал маалында жарандарга айына миң доллардай төлөп берет

46779

Япония бийлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарына өзгөчө кырдаал киргизди. Премьер-министр Синдзо Абэ телекайрылуу жасап, мындай режим кеминде 7-майга чейин өкүм сүрөрүн айтты. Ал муну вирус тарап жатканы менен негиздеди.

Өкмөт башчынын айтымында, оору жуктургандардын санын кыскартуу үчүн адамдардын ортосундагы байланышты 80 пайызга чейин азайтуу зарыл. Өзгөчө кырдаал маалында өлкөнүн ар бир жаранына ай сайын миң доллардай төлөнүп турат. 17-апрелде Японияда коронавирус жуктургандардын саны 9 миңден ашты, 190 киши көз жумду.

Дүйнө жүзүндө вируска чалдыккан кишилердин жалпы саны 2 миллион 182 миңден жогорулады, 145 миң адам каза болду. Ушул тапта АКШ, Улуу Британия жана Францияда абал оор.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.