Муз тээп жаракат алгандар кескин көбөйдү (видео)

1179

Муз тебүүдө абайлагыла. Жаңы жылдан бери эле, тоого барып эс алгандар арасында бир адам каза болуп, 300дөйү ар кандай жаракаттар менен ооруканага кайрылды. Алардын көпчүлүгү чар жайыт, ээн жерлерде муз тебүүдөн кокустагандар. Аткаминерлердин айтымында, коопсуздук эрежелери сакталбаган жерлерде муз тепкендерге жана аларга балондорду ижарага бергендерге тыюу салууга мыйзам жол бербейт. Болгону түшүндүрүү менен гана чектелишет.