Оор илдетке кабылгандардын эсебинен кимдер киреше табууда? (видео)

679

Өнөкөт бөйрөк илдеттерине кабылгандардын эсебинен кимдер киреше таап жатат? «Жашоого үмүт» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн айтымында, алар препараттарды өтө кымбат баада сатып алууга аргасыз. Бейтаптардын дары-дармектерине мамлекет каражат бөлүп, тендер өткөргөн. Бирок препараттар 300 пайызга чейин кымбат сатылып алынган дешет. Бейтаптар бул жерде кимдир бирөөлөр ортодон акча жасап жатат деп шек санашууда. Андыктан алар тиешелүү мекемелерге конкреттүү сунуштары менен кайрылышты. Оор дартка кабылгандардын айтымында, тендерге ортомчу фарм-компанияларды аралаштырбаш керек.