Ооруканаларда электрондук кезек долбоору иштей баштайт

880

Эми бейтаптар дарыгерлердин кабыл алуусун бир нече саат күтпөй, алдын-ала каттоодон өтө алышат. Учурда пилоттук программа Бишкек шаарынын №8-эмканасында иштеп жатат.

Андан соң, электрондук кезек долбоору Ысык-Көл областынын үч районуна киргизилет. Бул тажрыйба ийгиликтүү ишке ашса, анда өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылышы мүмкүн.

Кечээ эле интернетте Улуттук госпиталдын дарыгерлеринин иш ордунда жок болуп, аларды бейтаптар бир нече саат күтүп жатканы тартылган видео тараган. Бул боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге иликтөө жүргүзүүнү тапшырган.