Ооруканалардагы реформа: кезек Исманкуловдун клиникасына жетти (видео)

5752

Травматология жана ортопедия борборунан кийин кезек Алмазбек Исманкуловдун көз ооруларын дарылоочу клиникасына жетти. Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке менчик бейтапкананын имаратында коронавируска чалдыккандарды дарылай турган оорукана ачууну пландоодо. Бул тууралуу өлкөнүн башкы дарыгери Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Аткаминердин айтымында, ал жерге керебеттер менен эмеректер коюла баштайт. Ал эми менчик клиниканын жетекчиси Алмазбек Исманкулов министрликтен имаратты бошотуу боюнча эч кандай эскертүү келбегенин айтып, Алымкадыр Бейшеналиевдин аракетине пикирин билдирүүдөн карманууда.