Ош базары төртүнчү жолу өрттөндү

764

Ош базарын кайрадан өрт каптады. Түндө саат он бир жарымдарда Бейшеналиева менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги контейнерлер күйө баштаган. Күбөлөрдүн айтымында, жалын ошол жердеги кафе менен кийим саткан базарды чулгаган.

Тилсиз жоо саат бирге жакын чектөөгө алынып, саат 3 жарымдарга барып өчүрүлгөн. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн 6 бригадасы тартылган. Сатуучулардын айтымында, 20 дай соода күркөсү күйүп кетти.

Кечээ базарда санитардык күн болгондуктан, эч ким иштеген эмес. Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Бул жыл башынан бери Ош базарында чыккан төртүнчү өрт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.