Ош шаарындагы Тез жардам кызматына жардам керек (видео)

939

Анда иштеген кызматкерлер айлыктын өтө аздыгына жана унаалардын жетишсиздигине нааразы болушууда. Тез жардам бекетиндеги унаалардын көбүнүн эскилиги жетип иштен чыкса, бир канчасы күнүгө оңдоп-түзөөгө муктаж экен. Бригадаларда болсо дарыгерлер жетишпегендиктен, алардын ордунда фельдшерлер иштөөгө аргасыз. Тез жардам кызматына келген жаш кадрлар болсо маянанын өтө аздыгынан улам көпкө кармалбайт экен. Кызматкерлердин жетишсиздиги бул көйгөйдүн бир гана чети, дешет аталган кызматтын өкүлдөрү. Алар иштеп жаткан имарат 30-жылдары курулгандыктан, эскилиги жетип, былтыр авариялык абалда, деп табылган. Ага карабастан ак-халатчандар өз өмүрлөрүн тобокелге салып, дубалдарынан жарака кеткен имаратта иштеп келишүүдө. Жергиликтүү бийлик болсо, бул көйгөй боюнча үн ката элек.