Саламаттыкты сактоо министрлиги Оштогу төрөт үйүндөгү өлүмдү териштирүүдө

837

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ош шаарында төрөт үйүндө каза болгон келиндин окуясын териштирип жатат. Учурда жеринде кызматтык иликтөө жүрүүдө. Маалыматтарга караганда, 22 жаштагы келин Ош шаардык төрөтканасында бир нече күн мурда көз жумган. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Расмий маалыматтарга караганда, быйыл алты айда өлкөдө 22 эне төрөттөн каза тапкан.