Сабырбек Жумабековду колдогондор президентке кайрылышты (видео)

4117

Министр менен белгилүү ортопеддин чырына оорукананын дарыгерлери да аралашты. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун 500дөй кызматкери мекеменин алдына митинге чыгышты. Алар министрдин бейтапкананы жоюу аракети мыйзамсыз экенин айтып, бийлик башчыларына кайрылуу жолдошту.

Борбордун директору Сабырбек Жумабеков аталган медициналык жайда жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө “министр Алымкадыр Бейшеналиевди жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат”, — деп айыптады. Жумабековдун айткандарына саламаттыкты сактоо министри жооп берип, каршылыктарга карабастан оорукананын түзүмүн өзгөртөрүн билдирүүдө.