Саламаттыкты сактоо министри кызматынан кетеби? (видео)

986

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетүүгө даяр. Бул тууралуу өзү бүгүн маек берип жатып билдирди. Айтымында ал кечээ күнү Нарында иш сапары менен жүргөндүктөн Жогорку Кеңешке бара албай калган.

Министрдин жыйынга катышпай койгонуна нааразы болгон эл өкүлдөрү аны кызматтан алуу боюнча токтомду даярдап өкмөткө жиберген. Алымкадыр Бейшеналиевди отставкага кетирүүгө 81 депутат макул 8 эл өкүлү каршы добушун берген. Бүгүн министр алдыдагы иш пландары жана эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берди.