Саламаттыкты сактоо министрлиги кызылча илдети күч алганын белгиледи

1449

Саламаттыкты сактоо министрлиги кызылча илдети күч алганын белгилеп, жарандарды сак болууга чакырууда. Адистердин айтымында, бул ооруу өзгөчө Европа аймагындагы Румыния, Италия, Австрия, Чехия, Венгрия, Испания жана Швеция өлкөлөрүндө күч алууда. Россияда дагы кызылча оорусу менен күрөшүү күч алууда.

Адистердин айтымында, өзгөчө балдарды эмдөө керек. Атайын талапка ылайык, балдар 12 айында жана 6 жашында кызылча, паротит, кызамык илдеттеринен эмдөө алышат.

Кызамык — жугуштуу вирустук оору болуп эсептелет. Ал ооруган адам менен байланышта болгондо жана аба аркылуу да жугат. Кызылча илдетине кабылган адамдын дем алуусу начарлап, нерв системасы жана ичеги-карыны жабыркайт.