Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги «кадрдык ызы-чуу» (видео)

2016

Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги «кадрдык ызы-чуу» кайрадан тутанды. Министр иштен алган бөлүм башчылары Алымкадыр Бейшеналиевди сотко берип, президентке кайрылышты. Анда алар эч кандай комиссиясы жок эле «одоно мыйзам бузуу менен иштен кетирилгенин» айтышууда.

Ал арада өлкөнүн башкы дарыгери болсо дагы 3 орун басары менен кошо тиешелүү 2 мекеменин жетекчилерин кызматтан алам деп шымаланып турганын билдирди. Министр Бейшеналиев бул боюнча президентке сунуштама жөнөтүптүр. Айтымында, алар берилген ишти жетиштүү деңгээлде аткарыша алышкан эмес.