Санитардык авиация такси катары колдонулганбы? (видео)

1733

Эсептөө палатасынын кызматкери санитардык авиацияны такси катары колдонгонбу? Бул тууралуу нараазылычылыгын врач-реаниматолог Нурзат Жумалиева айтып чыкты. Ал Эсептөө палатасынын инспектору Кочкордо жашаган тууганы реаниматологдорго муктаж болбосо да, санавиацияны чакыртып, дарыгерлерди ашыкча убарага салганын билдирген. Бейтап Кочкор райондук ооруканадан Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жеткирилген. Бул билдирүү интернетте кызуу талкуу жаратып, мамлекеттик кызматты жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгондорго чара көрүү талап кылышкан. Учурда бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.