Сасык тумоо балдарга жабышты (видео)

910

Учурда өлкөдө сасык тумоо күч алды. Бишкекте — 2114 адам аталган илдет менен бейтапканаларга кайрылган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 14 пайызга көп дешет дарыгерлер. Бейтаптардын саны өзгөчө Чүй, Ысык-Көл областтарында жана Бишкекте көп болуп жатыптыр. Алдын-ала божомолдор боюнча, декабрь айынын ортосунда грипп илдети күчөөрү күтүлүүдө.