СПИДге кабылгандардын өмүрү коркунучта (видео)

779

Айрым препараттарды өлкөгө алып кирүүгө уруксат алынбагандыктан, оор илдетке кабылгандардын өмүрү коркунучта. Ага кошумча, келерки жылдан тарта, СПИД жана Гепатит С оорусуна чалдыккандардын дарысына, Глобалдык фонд каражат бөлүүнү токтотот. Бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү керек, дешет активисттер. Мындан улам, өлкөдөгү бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы курч турат. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр парламентте биринчи окууда талкуудан өткөн. Жакында экинчи окууда каралганы турат. Ага чейин, өзгөртүүлөрдү киргизип жетишип калуу үчүн, жарандык активисттер шашылыш иш алып барууда.