Судьялардын айлыгынын көтөрүлүшү нааразылык жаратты (видео)

1645

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетти. Буга жаңы Баш мыйзам боюнча жетекчини тандап алуунун тартиби өзгөргөнү себеп болгонун негиз катары келтирилген. Тактап айтканда, эми Жогорку соттун судьялары өз ара төраганы тандай алышпайт. Мындай укук — жаңы Конституция боюнча президентке өткөн.

Ал арада Бакированын кызматтан кетиши — судьялардын айлык маянасы 160 миң сомго чейин көтөрүлдү деген маалыматтын чыгышы менен дал келди. Финансы министрлигинин мындай отчетуна Жогорку инстанциянын өкүлдөрү таң калуу менен жооп беришти. Айтымдарында, соттордун айлыгы ал айтылган суммадан алда канча аз.