Талантбек Батыралиев айыптоолорго жооп берди (видео)

1006

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кызматтан алынышын талап кылып чыгышты. Буга парламенттеги социалдык саясат боюнча комитеттин мүчөлөрүнөн түзүлгөн комиссиянын сунушу негиз болгон. Ага ылайык, тармакта жүргүзүлгөн төрт айлык текшерүү бир топ алешемдиктердин бетин ачкан. Ал эми министр Талантбек Батыралиевдин айтымында, депутаттар айтып жаткан фактылардын көпчүлүгү — эски, жана ал кемчиликтер буга чейин жоюлган. Андыктан ал депутаттардын айткандарын бир тараптуу айыптоо деп эсептөөдө.