Талашка түшкөн кызматтык турак-жайлар (видео)

2235

Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги 3 жетекчиге кызматтык үйлөрдүн берилиши сын-пикирлерди жаратты. Мамлекеттик квартиралар саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун төрагасы Артурбек Жуманазаровго берилген.

Алар аймактардан келип, борбор калаада баш калкалай турган жери жок болгон үчүн бул тизмеге киргизилиптир. Бирок коомчулукта нааразычылыктардан улам эки аткаминер кызматтык батирден баш тарта турган болду. Ошол эле убакта депутаттар үчүн салынган үйдө 12 батир бош экен. 23 квартирада эл өкүлдөрү жашап жатат. Ал турак жайларды үйү жок кыйналган медицина кызматкерлерине берүү сунуштары дагы айтылууда.