Таласта жаранды эси оогончо сабаган милиционерлер акталып кетти (видео)

1033

Убактылуу кармоочу жайда жана тергөө абактарында отургандардын ар бир үчүнчүсү кыйноого кабылат. Бул тууралуу укук коргоочулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Сурамжылоо учурунда абакта жазасын күтүп жаткандардын 30 жашка чейинкилери жана оор кылмышка айыпталгандар тартип сакчылары тарабынан кыйноого кабылышканын билдирген. Кыргызстанда “кылмыш жаза” кодексине “кыйноо” боюнча берене 2010-жылы киргизилген. 15 жылдан бери 4 гана милиция кызматкери жазага тартылган. Көпчүлүгү акталып чыгып кетсе, 4-5 жылдап соттун кароосунда жаткан иштер дагы бар.