Акылбек Жапаров: «Асман» долбоору сөзсүз ишке ашырылат

14034

«Асман» долбоору президенттин тапшырмасы менен ишке ашырылууда, андыктан ал курулат! Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоордун концепциясы талкууланган жыйында билдирди. Ал курулуш иштерин алгач болжол менен 20 миң адамга эсептелген шаарчадан баштоо керек экенин, ал жакта элдин ден соолугун чыңдоо жана туристтерди тартуу үчүн жайы-кышы тийиштүү шарт болуу зарыл экенин белгиледи.

 

Жыйында “Асман экологиялык таза шаары” долбоорунун үч концепциясы талкууланды. Аларды Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети, Долбоорлоо илимий-изилдөө институтунун Ысык-Көл филиалы жана «Кыргызреставрация» ишканасы даярдашкан.

 

Ал жакта “санарип көчмөндөрдүн” – IT адистердин иштөөсүнө ыңгайлуу алдыңкы телекоммуникациялык санарип технологиялыр болушу шарт экенин коушмчалады. Президенттин администрациясы Ысык-Көлдө “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк, бирок быйыл май айында шаар түшчү аймак өзгөргөнү белгилүү болгон.