Төрөтү оорлор Эне жана баланы коргоо борборуна жиберилет (видео)

1294

Кыргызстанда 1,5 миң дарыгер жетишсиз Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маалыматтарга караганда, айрыкча аймактарда үй-бүлөлүк дарыгерлер тартыш. Көйгөйдү чечүү үчүн быйыл район-областтарга медициналык окуу жайларын аяктаган 174 бүтүрүүчү бөлүштүрүлгөн. Алар 1-сентябрдан баштап айыл жергелеринде калкка керектүү медициналык жардам көрсөтө башташат. Ал эми учурда өлкөдөгү ооруканаларда 50 миңге жакын медицина кызматкери эмгектенет. Белгилей кетсек, ушул жекшемби күнү Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.