Травматология борборунун жаңы жетекчиси ким? (видео)

4525

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун ордуна түзүлгөн шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы жетекчиси Дамир Дүйшөнов ишке кирише албай жатат. Буга документтерди өткөрүп ала албай жатканы себеп болууда.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башкы эсепчи менен кошо 2-3 адам качып жүргөнүн, аларды таппай жатышканын айтууда. Ал эми Сабырбек Жумабеков ишин улантып, бейтаптарды кабыл алууда. 2 жетекчинин ортосунда чыр жараткан оорукана азыр кандай тартипте иштеп жатат?