Туберкулезду ким «ооздукташы» керек? (видео)

1053

Кургак учукка каршы күрөшүү милдетин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына өткөрүп берүү, бул оорунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Мындай кооптонууларын депутаттар “калкты туберкулездон сактоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдиришти. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, ансыз да көпчүлүгү дотацияда отурган жергиликтүү бийлик аталган илдет күчөп кетсе, тизгиндей албай калышы ыктымал. Дарыгерлер болсо, бул жугуштуу илдетке кабылгандар жылдан-жылга азайып жатканын айтышат. Бирок убагында аймактарда иштеп келген депутаттар чындыгында туберкулез менен ооругандардын саны бир топ жогору дешет. Өлкөдө кургак учук менен күрөшүү кандай жүрүүдө?