Үй-бүлөлүк медицина борборлору бириктирилүүдө (видео)

1686

Жакында медицина тармагында сапатсыз билим берген жеке менчик окуу жайлары жабылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Бул демилге качан ишке ашарын аткаминер так ачыктаган жок. Бирок бул жаатта окуу жайларды «электен өткөрө турган» атайын ыкмасы даяр экенин кошумчалады.

Буга улай, жыл жаңыргандан тарта ак халатчандар жаңы тартип менен иштөөгө өтө башташты. Ага ылайык, аймактарда райондук оорукана менен үй-бүлөлүк медицина борборлорун бир гана жетекчи башкарат. Ушундай эле көрүнүш Бишкек шаарындагы дагы орун алганы турат.