УКМК: Белизден эч кандай документтер келген эмес (видео)

744

Белиз Мамлекетинен Кыргызстанга эч кандай документтер келген эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мусуралиев парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда билдирди. Анын айтымында, «Мегаком» компаниясына тиешелүү акциялар боюнча Белиз мамлекетинен алынган трасттык документтердин мыйзамдуулугун аныктоо багытында кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында бул маселе боюнча эч кандай документтер түшпөгөнү жана УКМКда расмий катталбаганы аныкталган.

Ошондой эле «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда Мамлекеттик Тарых музейин реконструкциялоодогу каражаттардын чыгымдалышы боюнча дагы маселе каралды. Буга чейин аталган мекемеге баасы асман чапчыган эмеректер сатылып алынганы айтылып, жаңжал чыккан. Ага кошумча музейдин сыртынан сыйрылган гранит жана мрамор таштар кайда экени белгисиз болуп жатат.