Үсөнбаев: Коронавирус жуккан 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат

4124

Коронавирус жуккан 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, илдетке кабылган 10 жаран канааттандырарлык абалда. «667 адам орточо оор, 194ү оор жана 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Өлкөнүн түштүк аймагына коронавирус менен күрөшүүгө профессор, докторлор барып, сунуштарын айтууда. Ошондой эле ал жакта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев да иш алып барууда», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 2-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 215 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын жалпы саны 47 миң 56 түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.