Уу коргошундан уулангандар (видео)

1692

Дарылык касиети клиникалык жактан далилденбеген тундурманы бейтаптарга берип жатканы үчүн саламаттыкты сактоо министрине кылмыш иши козголобу? Мындай суроо Жогорку Кеңеште башкы прокурор Курманкул Зулушевге депутаттар тарабынан берилди. Буга чейин берилген арызды Ички иштер министрлиги карап жатыптыр.

Бирок кылмыш ишин козгоо үчүн кайрылуу эле эмес уу коргошундун касиетин да кароо керек, — дейт башкы көзөмөл органынын жетекчиси. Анан да 400 жаран өзүнүн макулдугу менен акониттин кайнатмасын ичкенин белгилеп өттү. Азырынча уулангандар болгон эмес, — деди ал. Кечээ болсо борбор калаада 4 киши, уу коргошунга ууланган болушу мүмкүн деген диагноз менен ооруканага түшкөн.